Биз менен байланышыңыз

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзам дагы өзгөрөт

Саясат | 4 Апр 2022 | 1465 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу уюштурду. Анда мыйзамга канчалаган өзгөртүү киргенине карабай, ал тиешелүү жетекчилердин капчыгы үчүн гана иштеп келгени белгиленди. Мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун демилгелеген Каржы министрлиги бул жолку долбоор мамлекеттик сатып алуунун жол-жобосун жөнөкөйлөтүү жана коррупцияны жок кылуу максатында кайра жазылганын айтты. Мыйзам долбоорунун артыкчылыгына жана кемчилигине алдыда кененирээк токтолобуз.

Бүгүнкү «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууда каржы министринин орун басары Улугбек Календаров мыйзам долбоору мамлекеттик сатып алуулар тутумун өркүндөтүү, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосун жөнөкөйлөтүү менен коррупцияны жок кылуу максатында иштелип чыкканын белгиледи.

«Мыйзам долбоору ресурстарды натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу аркылуу жогорку пайдага жетүү үчүн мамлекеттик сатып алууларды камсыз кылууга багытталды. Электрондук кол тамганы пайдалануу, ошондой эле электрондук форматта келишимдерди түзүү аркылуу электрондук сатып алууларга толук өтүүнү, андан кийин аны порталда башкаруу каралууда. Мамлекеттик сатып алуулардын процедурасын жөнөкөйлөштүрүп бербесек, ар тараптуу сатып алуулар болсо, ошондо жоопкерчиликке тартуу башталып кетеби? Жалпы тажрыйбага таянып айта турган болсок, Улуттук банк системасынын сатып алуулары менен коопсуздукка байланыштуу сатып алуулар чыгарылат, калган сатып алуулар ушул мыйзам менен тартипке салынат».

Депутат Марлен Маматалиев мамлекеттик сатып алуулар боюнча дайым жаралып келген маселелерди көтөрдү. Негизгилери катары сапат, коррупция, мөөнөт жана комиссиянын курамын атады.

«Бүгүн мамлекеттик сатып алууларда кандай маселелер бар экенин баарыбыз билебиз. Биринчиси, албетте, сапат. Мектептер болобу, жолдор болобу, сапатка байланыштуу өтө көп маселе козголуп жатат. Экинчиси, коррупция. Коррупция менен бирге лобби кетип жатат. Кайсы бир компаниялар лоббирлөө үчүн кандай гана жолдорго барып жатат. Андан кийинкиси, узак мөөнөт. Үч айлап-алты айлап, керек болсо бир жылдап тендер бүтпөй, соттошкону соттошуп, соттошпогону ар түрдүү себеп менен узарып кетип жатат. Кийинкиси, комиссия. Комиссиянын тазасы да бар, бирок комиссияга кире турган таза адам калбай калды. Жарымы соттолгон, жарымы ар кандай ыкмалар менен ар тарапта сүйрөп жүрүшөт». 

Ошондой эле ал сунушталып жаткан мыйзам долбоору аталган маселелерди чечүүгө багытталышы керектигин белгиледи.

Жыйынга катышкан Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлү Навид Хасан Накви сатып алуу процессине бардык тарап ачык-айкын атаандаштыкта катышууга мүмкүнчүлүк алышы шарт экенин айтса, бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит республикалык бюджеттин 20%га жакыны «Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө» мыйзамдын алкагында коротула турганын, мыйзамды жакшыртууга керектүү өзгөртүүлөр киргизилиши зарыл экенин белгиледи.

Ал эми депутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары тарабынан бул мыйзамга 12 жолу өзгөртүү киргизилгени менен эч кандай натыйжа болбой, тиешелүү органдардын киреше булагына айланганын айтты.

«Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары тарабынан аталган мыйзамга 12 жолу өзгөртүү киргизилди. Мен бул мыйзамды Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү укса экен деп айтып жатам. Анткени 1994-жылы Дүйнөлүк соода уюмуна киргизүү үчүн кабыл алдырып салган деп ойлойм. Андан бери 30 жыл өтсө да, бул мыйзам долбоору ачык-айкын боло алган жок. Бул мыйзам болгону айрым күч органдарынын: Прокуратура, Ички иштер министрлиги, УКМК жана аким, айыл өкмөт башчыларынын каржы булагына айланды». 

Мамлекеттик сатып алуулар — сатып алуучу уюмдун Мыйзамда белгиленген усулдар аркылуу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттин акчасынын эсебинен толук же жарымын каржылоо менен сатып алуусу.

Талкуу маалында депутат Бактыбек Сыдыков акционердик коомдордун ишмердиги мамлекеттик сатып алуулар мыйзамы менен жөнгө салынбашы керектигин белгиледи.

Каржы министринин өкүлү акционердик коомдор мамлекет тарабынан капитализация болуп түзүлгөнүнө байланыштуу түпкүрү мамлекеттик каражатка куралган деген түшүнүк менен мыйзамга кирип калганын билдирди.

«Учкун» акционердик коомунун директору Дайыр Кенекеев акыркы беш жылдан бери акционердик коомдордун ишин жөнгө салуу боюнча норманы алып салуу маселеси көтөрүлгөнүн маалымдады.

«Акыркы беш жылдан бери акционердик коомдорду аталган мыйзамдан алып салууну суранып келебиз. Бирок «макул» деп коюп кайра эле түшүнүксүз себептерден кирип калып жатабыз. «Мамлекеттик ишканаларды, акционердик коомдорду бул мыйзамдан алып салгыла» деген суранычыбызды айтып келе жатабыз. Азыр да чектелген ыкма деп туруп, айланып эле кайра кирип калдык. Алар мамлекеттик ишканалар жана акционердик коомдор мамлекеттик сатып алуулар мыйзамы менен жөнгө салынышы керектигин бизге көрсөтүп жатышат».

Ал эми депутат Дастан Бекешев бардык мамлекеттик ишканалар алардын катарында акционердик коомдор мамлекеттик сатып алуулар мыйзамы менен иш алып барышын, сатып алуулар ачык жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

«Акционердик коомдорду бул мыйзамдан алып салууга каршымын, бул — мамлекеттин акчасы. Ким менен келишим түзүлүп, кандай баа менен сатып алынганы боюнча маалыматты билишибиз керек. Тендер эч качан жабык өтпөшү керек. Президенттин администрациясы канча акчага даарат кагаз, канча арак, канча виски алып жатканы боюнча маалымат тарап кетип, алар бизге Жогорку Кеңешке алып салуу боюнча келишкен. Алар дагы деле алып жатышпайбы, болгону биз билбейбиз, эч ким билбейт».

Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин төрагасы Данияр Төлөнов айтылган бардык сунуштар жана сын-пикирлер комитеттин отурумунда жалпыланып, карала турганын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM