Биз менен байланышыңыз

Министр: Окуучунун жылдык сабагы 1020 сааттан 884 саатка кыскарат

Кыска кабар | 4 Апр 2022 | 18026 | 0

Бүгүн, 4-апрелде президенттин катышуусу менен Министрлер кабинетинин социалдык блогунун жалпы жыйыны өтүүдө. Анда мугалимдердин айлыгынын көтөрүлүүсү тууралуу да сөз болду.

Ошондой эле билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев аталган тармакта жасала турган реформалар тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, Кыргызстандын мектептериндеги окуучулардын сабактарынын жылдык жүктөмү учурда 1020 саатты түзөт. Бул окуучу үчүн өтө оор жана физикалык, психикалык жактан басым болуп саналат. Министр белгилегендей, эми окуучулардын сабактар боюнча жылдык жүктөмү 884 саатка кыскартылат.

Белгилей кетсек, апрелден тарта билим берүү тармагында иштеген кызматкерлердин, мугалимдердин маянасы 80%га көтөрүлдү. Президент Садыр Жапаров муну бюджеттен эң көп акча учурда билим берүүгө бөлүнүп жатканы менен түшүндүрдү.

Министр: сабактардын сааты кыскартылганы мугалимдердин маянасына таасир этпейт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM