Connect with us

Шашылыш билдирүү: Күн катуу ысып, тоолордо көчкү жүрүшү мүмкүн

Кыска кабар | 2 Апр 2022 | 392 | 0

3-апрелден тарта күн катуу ысыйт. Ал тоолордогу кар-мөңгүнү ордунан козгоп, көчкү жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМ көчкү түшүшү мүмкүн болгон аймактардын тизмесин берди:

«Бишкек — Ош» жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;

«Бишкек — Нарын — Торугарт» жолунун Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы;

«Казарман — Актал-Чат» жолунун Карагөө ашуусу;

«Каракол — Эңилчек» жолунун Чоң-Ашуу;

«Барскоон — Ак-Шыйрак» жолунун Сөөк ашуусу.

Аба ырайы ар кандай болуп жаткандыктан айдоочуларга жолго камдуу чыгууларын, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоолорун эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM