3-апрелден тарта күн катуу ысыйт. Ал тоолордогу кар-мөңгүнү ордунан козгоп, көчкү жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
ӨКМ көчкү түшүшү мүмкүн болгон аймактардын тизмесин берди:
«Бишкек — Ош» жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
«Бишкек — Нарын — Торугарт» жолунун Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы;
«Казарман — Актал-Чат» жолунун Карагөө ашуусу;
«Каракол — Эңилчек» жолунун Чоң-Ашуу;
«Барскоон — Ак-Шыйрак» жолунун Сөөк ашуусу.
Аба ырайы ар кандай болуп жаткандыктан айдоочуларга жолго камдуу чыгууларын, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоолорун эскертет.