Биз менен байланышыңыз

Бишкекте митингге чыккандарды милиция кармап кетти

Кыска кабар | 2 Апр 2022 | 611 | 0

Бүгүн, 2-апрелде Бишкектин Горький сейил багына митингге чыккандарды милиция кызматкерлери кармап кетти. Окуяны «Кактус медиа» каналы түз алып көрсөттү.

Орусиянын президенти Владимир Путинге каршылык көрсөтүү иретинде уюштурулган митинг 14:00дө башталган. Саат 14:20лар чамасында Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери келип, митингдин катышуучуларын кууп таратып, айрым активисттерин автобус менен алып кеткен.

Бүгүн ушул эле аймакта саат 11:00дөн 11:30га чейин Орусия бийлигин колдогон митинг өткөн. Уюштуруучулар милиция кызматкерлеринин эскертүүсүнөн кийин талабын 20 мүнөт гана айтып, андан соң тарап кетишкенин кабарлаган.

Айта кетсек, президент Садыр Жапаров элчиликтердин алдына митингге чыкпоого чакырып, кааласа Горький паркына барып, 24 саат бою каалашынча сүйлөй берсе болорун «Фейсбук» баракчасына жазган.

Президент элчиликтердин алдына митингге чыкпоого чакырды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM