Биз менен байланышыңыз

Президент элчиликтердин алдына митингге чыкпоого чакырды

Кыска кабар | 1 Апр 2022 | 483 | 0

Президент Садыр Жапаров фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, элчиликтердин алдына митингге чыкпоого чакырды.

Ал өлкөдө митингдер сөзсүз болушу керектигин, ал үчүн Бишкектеги Горький паркына уруксат бар экенин айтты.

«Мага жеткен маалыматтар боюнча кандайдыр бир топ эртең акция уюштуруп, Бишкектин көчөлөрүндө жөө жүрүш жасап, элчиликтердин алдына барабыз деген ниеттерин билдиришиптир. Ар бир ниеттин же кадамдардын чеги болот.

Элчиликтер жана анын аянтчалары башка мамлекеттердин менчиги болуп саналат. Кол тийгис. Дүйнө жүзүндө биздин дагы элчиликтерибиз бар. Алар дагы биздин кол тийгис аянтыбыз. Бирөө жарым келип, эшигин каккылап, баш аламандык кылганга акысы жок. Албетте биз демократия багытынан кайтпайбыз. Жарандарыбыздын оозун тыйбайбыз. Укугун чектебейбиз. Митингдер сөзсүз болуш керек. Ал үчүн Горький паркын аныктап бердик. Кааласаңыздар 24 саат бою митинг кылыңыздар. Каалаган сөзүңүздөрдү, пикиринерди айтыңыздар. Эч ким каршы эмес.

Бир гана сураныч. Элчиликтерди тынч койңуздарчы», — деди Садыр Жапаров. 

Бишкек милициясы 1-апрелде маалымат таратып, 1-июлга чейин шаарда Орусия-Украина маселесине байланыштуу митинг-акцияларды өткөрүүгө салынганын билдирди.

Район акимчиликтеринин мындай иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салган чечимин сот мыйзамдуу деп тапты.

Президенттин фейсбуктагы билдирүүсүндө төмөнкүдөй сүрөт кошо жүктөлдү. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM