Биз менен байланышыңыз

Мигранттар үчүн Орусиянын ордуна сунушталган өлкөлөр

Коом | 31 Мар 2022 | 5717 | 0

Орусияда экономикалык кырдаалга байланыштуу жумуш орундарынын кыскаруусу кыргызстандык мигранттарга да таасирин тийгизүүдө. Мындан улам эмгекке жарамдуу жарандар Орусиядан башка өлкөлөрдөн да иш издөөгө өттү. Муну чет өлкөгө жумушка жөнөтүүчү компаниялар да ырастады. Адистер бул кырдаал кыргызстандыктарга чоң мүмкүнчүлүк экенин айтып, Орусияны алмаштыра турган бир катар өлкөлөрдү сунуштады. Алдыда кененирээк токтолобуз. 

Дүйнөдөгү абал тынчып, өз нугуна түшкөндөн кийин Украинада жумушчуларга суроо-талап көбөйөрүн, кыргызстандыктар ошол жакка барып иштесе болорун Украинадагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Азамат Исмаилов билдирди. Анын айтымында, Украинадагы көптөгөн системалар, курулуштар урап калды. Кырдаал турукташкандан кийин аларды калыбына келтирүүгө эмгекчи күч керек болот.

«Украинада азыркы тапта кыргызстандыктар үчүн мүмкүнчүлүк ачык. Буга чейин чектелүү болчу. Согуштан кийин Украинада бардык тармакта жумушчуларга муктаждык болот. Курулуш, соода, тейлөө тармактарында жана башка ушул сыяктуу жайларга жумушчулар керектелет».

Жаш ишкер Нурсултан Кубанов чет өлкөдө иштегиси келген кыргызстандыктар үчүн Японияны сунуштайт. Себеби Японияда төрөт аз болгондуктан, жумушчулардын басымдуу бөлүгүн жашы өйдөлөгөндөр түзөт. Мындан улам аларда жаш жумушчуларга суроо-талап жогору. Ал маалыматтын жетишсиздигинен жана стереотиптердин айынан кыргызстандыктар оңой жолду тандап, Орусияга кетип жатканын айтат.

«Японияда жарым күн иштеп, жарым күн япон тилин үйрөнүшөт. Мен өзүм бир нече жолу барып келдим, ал жерде 90% биздин жаштар иштеп, окуп жатышат. Айлыгы абдан жакшы, япон маданияты, ынтымагы, кыргыздардын бири-бирине кылган мамилеси мага абдан жакты. Кыргызстандыктар Японияга барып көп мүмкүнчүлүк таба алышат».

Ишкер Жибек Шарапова азыркы тапта АКШда иш сапары менен жүрөт. Анын байкоосунда, Американын көпчүлүк штаттарына тейлөө тармагында иштеген жумушчулар керек. Ал кафе-ресторандардын, сулуулук салондордун айлыгы жергиликтүү тургундар үчүн аз болгону менен кыргыздар үчүн жакшы айлык болуп эсептелерин белгилейт. Ошондой эле ал Америкада бир гана жумуш менен алек болбой, тил үйрөнө турган да артыкчылыгына токтолду. Муну менен бирге адамдардын дүйнө таанымы кеңейип, мотивация пайда болуп, билимге басым жасала баштаарын кошумчалады.

«Америкада айрыкча IT-адистерге муктаждык өтө чоң экен. IT-секторунун артыкчылыгы – Американын компанияларын Кыргызстанда отуруп эле тейлесе болот. Ошондо салык Кыргызстанга түшөт. Жумушчу алган маянанын алкагында Кыргызстан менен Американын акча алмашуусу да көбөйөт. Ошондуктан IT-тармагын билген адистерибизге өлкөбүздө отуруп эле Америка менен иштешүүнү сунуштамакмын».  

Чет өлкөдө жумуш таап бере турган компаниялар кардарлары көбөйгөнүн маалымдашты.

Бишкекте жайгашкан компаниялардын бири менен байланышканыбызда акыркы убакта Польша, Германия жана Түркияга кетип жаткандардын катары калыңдаганын айтты. Себеби бул өлкөлөрдө айлык доллар, евро менен төлөнөт. Мындан сырткары иштери да анча оор эмес, убактылуу жашоого уруксат кагазды жеңил алса болот.

«Студенттер Түркия, Болгария жана Германияга барышат, ал эми окууну бүтүргөндөр Польшага кетип жатышат. Эмгек шарттары жакшы, айлыгы көп десек болот. Жумуштары оор эмес, мисалы эмгек шарттарын Орусия менен салыштырсак, Европада дискриминация жок. Улутуңду, жарандыгыңды карап мамиле кылбайт сага, ал жерде баары бирдей. Мындан сырткары Европада бош орун көп, тажрыйбанын деле кереги жок, алар баарын өздөрү үйрөтүшөт, билими жоктор да барып, жумушка жеңил эле орношсо болот».

Ушул сыяктуу дагы бир компаниянын кызматкери Орусиядагы жумуш орундар кыскарганы кыргыздарга тургай, орустардын өзүнө да таасир тийгизип, акыркы эки жумада өлкөсүнөн чыгып кетүүнү каалагандар, чет өлкөдөн жумуш издегендер көбөйгөнүн айтты. Ал тургай, Дубай, Катар мамлекеттерине кетип жаткандар да бар экенин билдирди.

«Орусиядагы абал баарыбызга таасирин тийгизди. Анткени биздин жердештерибиз эле эмес, орус жарандары да кайрылып, биз жумуш таап берип, дароо эле учуп кетип жатышат. Алар Дубай жана Катар өлкөлөрүнөн жумушка орношууну каалап, аябай көп кайрылуу болууда. Өткөн жумада Орусиядан бир жаран кайрылган, биз аны жумуш берүүчүлөр менен байланыштырып, алар берген суроолордун баарына жооп берип, мурдагы күнү Кыргызстанга келип, кечээ Дубайга учуп кетти».

Бүгүнкү күндө миллиондон ашуун кыргызстандык чет өлкөдө эмгек миграциясында жүрөт. Алардын 80%ы Орусияда, 10%ы Казакстанда, калгандары Түркия, Түндүк Корея, АКШ жана БАЭ сыяктуу өлкөлөрдө иштейт.

Copyright © 2017 Maral FM