Биз менен байланышыңыз

Депутат Шайырбек Ташиев казино ачууга каршы экенин айтты

Кыска кабар | 31 Мар 2022 | 533 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев казино ачууга каршы. Мындай пикирин ал журналисттерге билдирди.

«Казынабызды толтурат деп эле жаман нерселерди ачканыбыз туура эмес. Мен буга каршымын. Бул арам. Бюджетти, казынаны башка жолдор менен да толтурса болот», — деди Ташиев.

Министрлер кабинети «Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ өкмөттүн  сайтына жарыяланды.

Казино ачууга «каралардын» да кызыкчылыгы барбы?

Мыйзам долбоору кумарканаларды ачууга багытталган. Ал инвестицияларды тартуу, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.

Кумарканаларды юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр гана ача алат, кардарлар да чет өлкөлүктөр болушат.

Бул мыйзам долбоору буга чейин да сунушталып, сын-пикирлер көп айтылгандан улам артка кайтарылган. Президент Садыр Жапаров кумарканаларды ачууну колдой турганын билдирген.

Министр: Кумарканаларды ачуу менен бюджетти толтуруу — туура кадам

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM