«Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. Документ Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.
Мыйзам долбоору кумарканаларды ачууга багытталган. Ал инвестицияларды тартуу, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.
Долбоор Кыргызстандын аймагында оюн-зоок жайларын ачып, иштетүүнүн укуктук негиздерин, көзөмөл жүргүзүү жана жоопкерчилик маселесин карайт. Кумарканаларды юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр гана ача алат, ошондой эле кардарлар да чет өлкөлүктөр болушат.
Бул мыйзам долбоору буга чейин да сунушталып, сын-пикирлер көп айтылган. Президент Садыр Жапаров кумарканаларды ачууну колдой турганын билдирген.
Кумарканаларды иштетүү менен бюджетти толтуруу канчалык туура кадам? Бул жаатта жарандык активист Семетей Талас уулунун пикирин уктук.
Марал: — Кумарканаларды ачуунун зарылчылыгы канчалык? Бюджетти толтуруунун башка айласы барбы? «Ал жерге барганга бир гана чет элдиктер укуктуу» деп жатат. Бирок бул талап канчалык сакталат? Мунун артынан көп социалдык көйгөй пайда болбойбу?
Семетей Талас уулу: — Өкмөт бюджетти толтуруунун айласын көздөп, казинолорду, оюн автоматтарын кайрадан ачуу демилгесин көтөрүп, мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке алып келип жатат. Өкмөттүн сайтына коомдук талкуу үчүн жарыяланган долбоорду карасак, «21 жаштан ашкан жарандар, чет өлкөлүктөр бара алат» деп жазылып турат. Мындан тышкары лицензия алуу керек, бир жайда канча казино столу болушу керек, ушул сыяктуу тартиптери жазылыптыр.
Эми бул жердеги эң маанилүү нерсе:
Бишкектеги кумарканаларда буга чейин көптөгөн суицид учурлары болуп келген, үй-бүлөлөр талкаланган, банкрот болушкан, батир, кафелерин, машинелерин уттуруп жибергендер болгон. Кумар оюндарынын азгырыгынан чыга албай, эч нерсеси калбай, өзүн-өзү өлтүрүүгө барган ишкерлер болгон.
Мындай окуялардан жабыркагандардын жакын туугандары, ата-энелери чырылдап, Жогорку Кеңешке чейин барышкан. Ушундай жагдайдан кийин кумарканалар жабылган эле. Эми аны кайра ачуунун зарылчылыгы барбы?
Кээ бир бийликтердин учурунда казинолор акча адалдоонун бир жолу болуп келген. Ар кимдин же чет элдик ишкердин өз өлкөсүндө тапкан мыйзамсыз акчасын адалдоонун бир жолу. Мисалы, бир жаран казинодо акчасын уттурат, кумаркананын ээси болсо Кыргызстандан түшкөн акчасына чет өлкөлөрдө расмий түрдө кандайдыр бир компанияларды ачат, акчасын сыртка алып чыгып кетип, бизнес кыла берет. Негизги жолу ушундай. Ал эми мамлекеттин бюджетине жарытылуу акча түшөрүнөн күмөнүм бар. Ага караганда шаардагы парковкаларды иретке салып, автоматтык системага келтирсе, казинолордон түшкөн акчадан көбүрөөк пайда болмок деп ойлойм.
Марал: — Кумарканалардан түшкөн акчаны дагы башка кайсы тармактардан алса болот? Казинолорду ачууда кимдин таасири бар деп ойлойсуз?
Семетей Талас уулу: — Мисалы, тоодо жайгашкан кымбат мейманканалардан, Бишкекте берилип жаткан толтура батирден салык алса деле бюджетке акча түшмөк. Бул кимдир бирөөлөрдүн бүгүнкү бийликке кылган таасириби, балким ошол эле «каралардын» таасириби, айтор бюджетти толтуруу шылтоосу менен максатына жеткени калышты.
Казинодон түшө турган акчадан 4-5 эсе көп акчаны башка тармактардан жөн эле тапса болот. Бул өздөрүнүн эле шылтоосу болсо керек. Туризм деген да шылтоо, казиного келген немелер кыйратып деле көлгө түшпөйт. Акчасына сарсанаа болуп жатып эле кетишет да. Казинонун кумарын алып жаткандар туризмден деле ырахат албаса керек.