Connect with us

Транспорт министрлиги Кызарт ашуусундагы тыгын боюнча түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 30 Мар 2022 | 363 | 0

Жумгал районундагы Кызарт ашуусунан үч күндөн бери унаалар өтө албай турганын Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев парламенттин 30-марттагы жыйынында айтып чыккан.

Анын маалыматына караганда, аба ырайына байланыштуу ашууда 100-200 унаа ылайга тыгылып, жыла албай турат.

Транпорт жана коммуникация министрлиги бул жагдай боюнча түшүндүрмө берди.

«Акыркы он күн ичинде жаан-чачындан жана жүк ташуучу унаалардын агымынан улам Кызарттын жолунда ылай-баткак аралашып калган. Ылайдан арылтуу, унаанын өтүүсүн камсыз кылуу үчүн айрым тилкелерде тазалоо иштери жүрүүдө. 26-марттан 28-мартка чейин ашууда тыгын пайда болду, бирок жолду жасап жаткан компаниянын атайын техникасы тартылып, айдоочуларга ыкчам жардам көрсөтүп жатты», — деп айтылат билдирүүдө.

Транспорт жана коммуникация министрлиги ошондой эле 29-марттан 12-апрелге чейин жүк ташуучу унаалардын Кызарттын жолу менен жүрүүсүнө чектөө коюлганын, атайын МАИ кызматкерлери көзөмөлдөп турганын кошумчалаган.

Маалым болгондой, учурда Кызарт ашуусунун жолун тазалоо үчүн 1 бульдозер, 2 грейдер, 3 самосвал, 1 экскаватор тартылып, жол салган компаниянын жумушчулары иштеп жатат. Андан тышкары калган тилкелерде 5 жумушчу 2 грейдер, 2 самосвал менен иш жүргүзүүдө. Ошондой эле зарылчылык жаралып калса, чаңдан арылтып турууга 5 суу ташыган машина жеткирилген.

Депутат: Кызарт ашуусунда үч күндөн бери унаалар өтө албай турат

Copyright © 2017 Maral FM