Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызарт ашуусунда үч күндөн бери унаалар өтө албай турат.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев парламенттин 30-марттагы жыйынында айтты.
Анын маалыматы боюнча, аба ырайына байланыштуу ашууда 100-200 унаа ылайга тыгылып, жыла албай турат.
«Ашуу анча деле бийик эмес, бирок жолдун шарты жок. Тийиштүү министрликтер бул маселеге көңүл буруп койсун. Канча машина чыга албай, кармалып турат», — деди депутат.