Connect with us

Мекенине кайткан мигранттардын саны өстү

Коом , Кыска кабар | 30 Мар 2022 | 1621 | 0

Орусияда эмгектенген кыргызстандыктардын арасында Мекенине кайткандардын катары көбөйө баштаганын мигранттар менен иштешкен уюмдар билдиришти. Буга себеп мигранттарды жумуштан чыгаруу, уруксат документтерин алуудагы тоскоолдуктар, чет өлкөлүк ишканалардын жабылып калуусунан улам кайра жаңы иш таппай кыйналуу экени айтылды. Изилдөө борборлорунун маалыматына караганда, Орусияда жыл соңуна чейин 2 млн жумуш орун кыскарышы мүмкүн. Бул темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Кайратбек Орозкуловдун Орусияда эмгектенгенине 12 жыл болду. Буга чейин туруктуу иштеп келген. Бирок 24-февралдан бүгүнкү күнгө чейин жумуш ордун үч жолу алмаштырууга аргасыз болгон. Баштапкы ишинде компания жетекчиси «Орусиянын жарандарына гана жумуш берилсин» деген буйрук келгенин айтып, жумушунан четтетип салган.

«Мындай чектөө, одоно мамиле бардык Борбор Азия мамлекеттеринин жарандарына тиешелүү болуп жаткан го» деп ойлосом, андай эмес экен. Себеби бизди кетирип, ордубузга Орусиянын жарандыгы менен Луганск же Донецктин жарандарын алып жатыптыр. Мындан сырткары 100дөй таанышым Кыргызстанга кайтып кетти. Чындап эле кеткендер өтө көп болуп жатат. Алар менен сүйлөшкөндө, баары: «Мени жумуштан алып койду, кенемте да төлөп беришкен жок, иш акымды жарым-жартылай беришти», — дешти».

Ал кошумчалагандай, кайтып келип жаткан жарандар Кыргызстанда мурун иштеп кеткен жумуштарда азыраак айлыкка иштегенге макул болушууда, себеби Орусиядан Кыргызстанга которуп жаткан акчалары бирдей эле болуп калды.

Санкциялардан улам Орусияда көптөгөн ишканалар кызматкерлерин кыскартууга аргасыз болушту. Андан тышкары Батыш Европанын, Американын көптөгөн компаниясы өз ишин токтотту. Миңдеген адам жумушсуз калды. Мунун кесепети орусиялыктарга эле эмес, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан сыяктуу Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген миллиондогон эмгек мигранттарына да таасирин тийгизип жатканы буга чейин айтылган.

Мигранттардын кесиптик кошуунунун Москва шаарындагы координаторунун айтымында, «Сахарово» көп тармактуу миграциялык борбору көпчүлүк кыргызстандыкка «жугуштуу оору аныкталды» делген жасалма медициналык маалымкат берүүгө өткөн. Жарандар башка коммерциялык борборлорго барганда, ошол эле анализдери таза чыгууда. Ал муну менен орусиялыктар ортодо акча жасап жатканын сынга алды. Себеби «Сахароводо» медициналык текшерүүдөн кайталап өтүү үчүн 18 миң рубль төлөө керек.

«Алар «баары таза» экени көрсөтүлгөн көз карандысыз экспертизанын маалымкатын алып барышат. Бирок борбордун кызматкерлери: «Биз муну тааныбайбыз, бизге өзүбүздүн борборубуздан медициналык кароодон өткөнү боюнча маалымкат керек», — деп туруп алышат. Өткөн аптада ушундай маселе менен мага төрт киши ыйлап кайрылды. Алар жалгыз эмес экенин айтышат. Муну кантип түшүнсө болот? Мындай мамиле Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттарга гана тиешелүү болуп жатат. Андан сырткары бизге телефон чалып, «коомдо иштейсиңер, курч темадагы билдирүүлөргө этият болгула, жарандыгыңарды тартып алабыз» деп да айтышат. Буга чейин мындай оор кырдаал болгон эмес. Жаңы жылдан баштап боло баштады. Биз өзүбүздүн жарандарыбызга терс мамилени сезип жатабыз. Албетте, айрым жерлерде биздин жарандардын да күнөөсү бар. Көбү бул жакка тилди, маданиятты жана башка ушул сыяктуу нерселерди билбей учуп келишет. Бирок биз аларга жардам берип турабыз, баарын үйрөнсө болот да. Бул проблемага өзгөчө көңүл буруу керек. Бийлик өз күчү менен муну чечиши керек».

Орусиядагы мекендештердин көпчүлүгү Кыргызстанга кайтып кетип жатканын Мигранттардын кесиптик кошуунунун төрагасы Жамалидин Эшанкулов да ырастады. Ал мигранттардын азыркы көйгөйлөрү тууралуу маалыматтар Жогорку Кеңештин алдындагы Миграциялык кызматка да берилип турарын, мигранттардын маселелерин талкулоо максатында апрель айында бийлик өкүлдөрү менен биргеликте тегерек стол уюштурушарын кабарлады.

«Азыркы оор кырдаалда мигранттардын абалы начар болуп турат. Буга чейин болбогон кыйынчылыктарга туш болуп жатышат. Негизи бул маселелерди бийлик өкүлдөрүнө, тиешелүү органдарга жеткирүүгө аракет кылып, маалыматтарды берип турабыз. Ошол үчүн апрель айынын ортолорунда «Орусиядагы кыргыз мигранттарынын көйгөйлөрү» аттуу тегерек стол уюштурулат. Азыркы тапта даярдыктар көрүлүүдө. Анда бардык маселе козголот».

Ал эми эмгек мигранттары менен иш алып барган «Замандаш» ассоциациясынын координатору Азамат Айтбаев бул маселе менен кайрылгандар өтө деле көп эмес экенин билдирди. Орусия мыйзамсыз жумушка орношкондорду буга чейин катуу көзөмөлгө алганын эске салып, келишимдин негизинде иштеп жаткандарды жумуштан себепсиз эч качан албасын эскертти. Мындан сырткары «Сахарово» мигранттардын борборунда кыргызстандыктар туш болуп жаткан терс көрүнүштөргө төмөнкүдөй жооп берди:

«Орусия буга чейин эле чет өлкөлүк мигранттарга бир топ чектөөлөрдү киргизген. Орусия муну ички жана улуттук коопсуздугун сактоо максатында жасап жатканы белгилүү. Миграциялык маселелер боюнча жыл сайын эмес, ай сайын да өзгөрүүлөр болуп турат. Себеби дүйнө өлкөлөрүндө мыйзамдуу эмес миграциялык агым эсепке алынбай, так саны жок болуп, терс жактары көбөйүүдө».

Айтбаев Тышкы иштер министрлиги, элчилик жана бийлик өкүлдөрү ЕАЭБдин алкагында Орусияда мигранттардын эркин жүрүүсүн кайрадан карап, башка деңгээлге алып чыгышы керектигин кошумчалады.

Москвадагы стратегиялык изилдөөлөр борбору Орусияда 2022-жылдын аягына чейин 2 миллиондон ашык жумуш орун жабыларын божомолдошууда. Бул Орусиядагы жумушсуздук учурда 4% болсо, аны 7%га көтөрүлөт дегенди түшүндүрөт.

Эң көп Борбор Азиядан барган мигранттар иштеген тармактар жабыркашы мүмкүн. Анткени материалдар кымбаттаганына байланыштуу ири курулуштарга чектөө киргизилет. Ошондой эле тейлөө тармагында да эң көп жумуш орундары кыскарары айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM