Биз менен байланышыңыз

«Чоң жети» өлкөлөрү Орусиянын газын рубль менен сатып алуудан баш тартты

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Мар 2022 | 6002 | 0

Өткөн жумада Орусиянын президенти Владимир Путин жаратылыш газын «дос эмес өлкөлөргө» экспорттоо үчүн орус рублинде соода кылууну жарыялаган.

Бирок G7 мамлекеттери Москванын бул талабын четке кагып, орус газын рубль менен сатып алуудан баш тартты. Бул тууралуу Германиянын энергетика министри Петер Алтмайер маалымдады.

Германиянын экономика министри Роберт Хабек «төлөмдөрдү рубль менен ишке ашыруу ыңгайсыз» экенин айтып, компанияларды Орусия президентинин талабына баш ийбөөгө чакырды.

«Чоң жети» тобуна Канада, Франция, Германия, Италия, Япония, Улуу Британия жана АКШ кирет.  Бул өлкөлөрдүн баарын Орусия «дос эмес мамлекеттер» тизмесине киргизген.

Министр: Орусиянын мунайын рубль менен ала баштайбыз

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM