Connect with us

Чүй: Москва районундагы жол кырсыктан бир адам каза тапты

Кыска кабар | 28 Мар 2022 | 361 | 0

Чүй облусундагы Москва районунун Ак-Торпок айылында жол кырсык болуп, бир адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кырсык, бүгүн, 28-мартта таңкы 8:00 чамасында болгон. Honda Stepwgn үлгүсүндөгү эки унаа кагышып, 11 адам жабыркаган.

Саат 8:40та жерине барган куткаруучулар унаага кыпчылып каза тапкан дагы бир адамдын сөөгүн Москва РИИБнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркаган адамдар райондук ооруканага жаткырылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM