Чүй облусундагы Москва районунун Ак-Торпок айылында жол кырсык болуп, бир адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кырсык, бүгүн, 28-мартта таңкы 8:00 чамасында болгон. Honda Stepwgn үлгүсүндөгү эки унаа кагышып, 11 адам жабыркаган.
Саат 8:40та жерине барган куткаруучулар унаага кыпчылып каза тапкан дагы бир адамдын сөөгүн Москва РИИБнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ал эми жабыркаган адамдар райондук ооруканага жаткырылган.