АКШ доллары жарым күндө дагы 3 сомго арзандады.
Азыр борбор калаанын акча алмаштыруучу жайлары жана коммерциялык банктар долларды 87,5-88 сомдон сатып алып, 88,5-89 сомдон сатууда.
Ал эми расмий курс Улуттук банк тарабынан 96,6485 сом (0,62 пайызга төмөндөө) деп белгиленген.
Ошондой эле орус рублинин курсу өзгөрүүсүз бойдон калууда. 0,8-0,88 сомдон сатылып алынса, 1-1,05 сомдон сатылууда. Расмий курс 0,9427 сом (1,82 пайызга төмөндөдү).