Биз менен байланышыңыз

Тоң районундагы маданият үйүнөн 2 млн сом өөнөп алгандарга иш козголду

Кыска кабар | 28 Мар 2022 | 331 | 0

Тоң райондук прокуратурасы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун башкаруу дирекциясына кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Атайын текшерүүнүн жүрүшүндө райондогу Төрт-Күл айылындагы 200 орундуу маданият үйүн салууда дирекциянын адамдары курулушчулар менен жең ичинен сүйлөшүп, отчётко жасалма документтерди тиркешип, аткарылбаган иштер тууралуу маалыматтарды киргизишкен. Мунун натыйжасында өлкө казынасы 2 млн 101 миң 192 сом зыян тарткан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен иш козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM