Биз менен байланышыңыз

Бакыт Төрөбаев өкмөттүн жамаатына тааныштырылды (сүрөт)

Кыска кабар | 28 Мар 2022 | 650 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Президенттин администрациясынын жамаатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган Бакыт Төрөбаевди тааныштырды.

Акылбек Жапаров Төрөбаев Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштагы депутаты болгонун жана өкмөттө иштөө үчүн тийиштүү билимге, тажрыйбага ээ экенин белгиледи.

Мындан тышкары анын алдына азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, өнөр жайды жана реалдуу секторду өнүктүрүү, айыл чарбаны колдоого алуу  боюнча милдеттерди койду.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM