Биз менен байланышыңыз

Баткен: Журналисттин өлүмүнө байланыштуу блогер кармалды

Кыска кабар | 28 Мар 2022 | 15005 | 0

Баткен милициясынын басма сөз кызматы журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу жаңы маалымат таратты.

Андан белгилүү болгондой, 25-мартта Баткен шаарынын 1984-жылы туулган тургуну Арзыгүл Галымбетова Баткен облустук милициясына келип, «Батма-бат» деп аталган Ютуб каналда иштеген блогер кыз аброюна шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатканын айтып, арызданган.

Журналисттин арызы каттоого алынып, анын негизинде тергөө иштери башталган.

Арыздануучу 25-март күнү ден соолугу начарлап, саат 20:00 чамасында Баткен облустук бириккен борбордук ооруканасынын неврология бөлүмүнө кайрылган. Дарыгерлер жардам көрсөткөнүнө карабай, Арзыгүл Галымбетова ошол эле түнү каза болуп калган.

Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Тергөө иштеринин негизинде Баткен шаарынын 33 жаштагы тургуну Б.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Баткендеги милиционердин өлүмүнө шектелип, жээни кармалды

Copyright © 2017 Maral FM