Биз менен байланышыңыз

Азиз Аалиев Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун жетекчиси болду

Кыска кабар | 28 Мар 2022 | 165 | 0

Азиз Аалиев Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Маалыматка караганда, Аалиев 3 жылдык мөөнөткө дайындалды.

Азиз Аалиев 2021-жылдын 6-сентябрынан тарта министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп иштеди. Ал 28-мартта президенттин жарлыгы менен кызматынан бошотулду.

Анын ордуна өкмөт башчынын орун басарынын милдетин Жогорку Кеңештеги «Ата Журт-Кыргызстан» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев аткара турган болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM