Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: Кар көчкү жана сел коркунучу бар

Кыска кабар | 28 Мар 2022 | 197 | 0

28-мартта күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Мындан тышкары, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу),198-255 чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),

Суусамыр-Талас-Тараз 1-14 чакырымында (Өтмөк ашуусу),

Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-76, 84-92 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),

Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымында,

Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-95 чакырымында,

Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун (Талдык ашуусу) 160-179 чакырымында,

Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 136-137 чакырымында (Батман-Көл айылы), 147-150 чакырымында (Кара-Тейит айылы),

Бишкек-Нарын-Торугарт 289-305 чакырымында (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы),

Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымында (Ийри-Суу тилкеси), 60-94 чакырымында (Кара-Гөө ашуусу),

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу),

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

28-29-мартта Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын райондорунда температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM