Биз менен байланышыңыз

Бишкекте имарат, Чүйдө унаа өрттөнүп, төрт адам ооруканага түштү

Кыска кабар | 28 Мар 2022 | 365 | 0

Кечээ, 27-марттын кечинде «Бишкек-Ош» жолунан унаа өрттөнүп, эки адам күйүп калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кечки саат 21:30 чамасында Кара-Балта шаары тушунан Mazda-323 унаасы өрттөнүп жатканы боюнча маалымат түшкөн. Жерине ӨКМдин Жайыл райондук бөлүмү барып, өрттү саат 21:50дө чектөөгө алып, 22:33тө толук өчүрүшкөн.

Кырсыктан жаракат алган 35 жаштагы эркек менен 26 жаштагы аял ооруканага жеткирилген. Учурда абалы жакшы экени кабарланды.

Ушул эле күнү кечинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Бишкек шаарынын Байтик Баатыр көчөсүндөгү курулуш кампадан өрт чыкканы боюнча маалымат түшкөн.

Жерине ӨКМдин №5 өрткө каршы куткаруу бөлүмү барып, 23:27де өрттү чектеп, 23:44тө толук өчүрүшкөн.

Күйүк чарпкан 2 эркек кишини «Тез жардам» унаасы алып кеткен. Учурда аты-жөндөрү такталып жатат.

Эки өрттүн тең чыгуу себептери такталып жатканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM