Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын жөө күлүктөрү Ташкент марафонунда 4 медаль алышты

Кыска кабар , Спорт | 28 Мар 2022 | 351 | 0

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасы ШКУнун эл аралык Ташкент марафонунда 4 медалга ээ болду. Бул тууралуу Спорт жана дене тарбия департаменти билдирди.

Кыргызстандын жөө күлүктөрү 3 алтын жана 1 күмүш медаль алышкан.

42 км 195 метр марафондук аралыкка эркектер арасында чуркаган Илья Тяпкин менен кыздар арасында чуркаган Гүлшана Сатарова биринчи келген.

Ал эми 21 км 97 м жарым марафондук аралыкты Нурсултан Кеңешбеков 1 саат 4 мүнөт 13 секундда чуркап өтүп, биринчиликти алса, ушул эле аралыкта кыздар менен жарышкан Мария Коробицкая экинчи орунду алган.

Ошондой эле бул аралыкта Айтпай уулу Бердугул 4-орунду ээлеген.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM