Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасы ШКУнун эл аралык Ташкент марафонунда 4 медалга ээ болду. Бул тууралуу Спорт жана дене тарбия департаменти билдирди.
Кыргызстандын жөө күлүктөрү 3 алтын жана 1 күмүш медаль алышкан.
42 км 195 метр марафондук аралыкка эркектер арасында чуркаган Илья Тяпкин менен кыздар арасында чуркаган Гүлшана Сатарова биринчи келген.
Ал эми 21 км 97 м жарым марафондук аралыкты Нурсултан Кеңешбеков 1 саат 4 мүнөт 13 секундда чуркап өтүп, биринчиликти алса, ушул эле аралыкта кыздар менен жарышкан Мария Коробицкая экинчи орунду алган.
Ошондой эле бул аралыкта Айтпай уулу Бердугул 4-орунду ээлеген.