Connect with us

Дыйкандар үч жылга чейин жер салыгын төлөбөйт

Кыска кабар | 25 Мар 2022 | 248 | 0

Дыйкандар жана дыйкан чарбалары үч жылга чейин жер салыгын төлөбөйт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. 

Чечим президенттин  «Айыл чарба ишин жүргүзгөн субъекттерди колдоо чаралары жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Бул бошотуу тамак-аш, азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу үчүн дыйкандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Айта кетсек, президент Садыр Жапаров дыйкан-фермелерди жер салыгынан бошоткон жарлыкка 2021-жылдын 6-декабрында кол койгон.

Президент: Дыйкан-фермерлер жер салыгынан бошотулат

Copyright © 2017 Maral FM