Биз менен байланышыңыз

Президент: Дыйкан-фермерлер жер салыгынан бошотулат

Кыска кабар | 6 Дек 2021 | 1807 | 1

Өлкөдөгү дыйкандар жана фермерлер жер салыгынан бошотулат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өзүнүн «Фейсбук» баракчасы аркылуу маалымдады.

Жарлыкка ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тарта аңыз-шалбаа, жайыттарга болгон салык алып салынат. Мындагы башкы максат тамак-аш коопсуздугунун алдын алуу болуп саналат.

Ошондой эле өлкө башчы айдоо жерлер бош калбашы керектигин эскертип, буга шарт түзүү үчүн «Айыл банк» менен «РСК банктан» 6 пайыздык үстөк менен насыя бериле баштаарын кабарлады.

Аны менен катар жылдык кирешеси 8 млн сомго жетпеген ишкерлер салыктын бардык түрүнөн бошотулганы айтылат маалыматта.

1 пикир

1 пикир

  1. Нарматов а

    06.12.2021 19:30

    Дыйкан чарба болунгон 1 га жер болсо ошого декларция толтур дейт 10 га 30гектар жери барлар фермерлер деклаация толтурбайт

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM