Connect with us

Орусия 30-марттан тарта Казакстан менен Монголияга чек арасын ачат

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Мар 2022 | 3433 | 0

Орусия 30-марттан тарта Казакстан менен Монголияга чек арасын ачат. Бул тууралуу COVID-19 менен күрөшүү боюнча ыкчам штаб билдиргенин орус басылмалары жазды.

«COVID-19 менен күрөшүү боюнча ыкчам штаб ушул жылдын 30-мартында Москва убактысы боюнча саат 00:00дөн баштап Казакстандын жарандарынын Орусияга кирүүсүнө жана Орусия жарандарынын Казакстанга чыгуусуна коюлган чектөөлөрдү алып салуу чечимин кабыл алды. Ушундай эле чечим Орусия-Монголия чек арасы боюнча да чыкты», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул чечим ушул чек аралар аркылуу кирген үчүнчү өлкөнүн өкүлдөрүнө, туристтерге да тиешелүү болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM