Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде калыс болушу керек

Кыска кабар | 24 Мар 2022 | 206 | 0

Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде калыс өлкө болушу керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 24-мартта өкмөт үйүндө өткөн жыйында билдирди.

Ал Кыргызстан кичинекей өлкө болгондуктан согушту токтотууга таасири жетпей турганын, ошондуктан бейтарап болушу керектигин айтты.

«Кыргыздар «Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт» деп айтышат. Боордош славян элине биз тынчтык гана каалайбыз. Ааламдашуу доорунда эч бир мамлекет өз алдынча саясат жүргүзүп, өз алдынча өнүгө албайт. Баарыбыз бири-бирибиз менен тагыз байланышып калдык. Өнүгүү процесстери тездик менен жүрүүдө. Индустриалдык төртүнчү доор баарыбызга келди. Ошол эле учурда коронавирус пандемиясы экономиканы жабыркатканын токтоткон жок. Муну менен бирге Украинанын айланасында болуп жаткан окуялардын кесепети дүйнөдөгү геосаясий кырдаал, социалдык-экономикалык өнүгүүгө терс таасирин тийгизди», — деди Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстан Украина менен Орусиянын ортосундагы согушта бейтарап позицияны кармана турганын айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM