Биз менен байланышыңыз

Кайсы депутат кайсы аймактын эли менен жолукту?

Коом , Саясат | 23 Мар 2022 | 1002 | 0

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жогорку Кеңештин депутаттары 22-марттан 26-мартка чейин аймактарда шайлоочулар менен иш алып барат. Буга байланыштуу бул жумада парламенттин жана комитеттердин жыйындарын өткөрүү пландалган эмес. Депутаттардын айрымдары аймактарда, айрымдары борбордо эл менен жолугуп жатканын кабарлашты. Иш сапарлар кандай өтүүдө? Эл эмнени талап кылууда? Алдыда кененирээк токтолобуз. 

Жаңы конституциялык мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеште 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланып келди. Учурда Жогорку Кеңеште 89 депутат иш жүргүзүүдө, Свердлов округ боюнча кайра шайлоонун жыйынтыгы бүгүн кечинде чыгары айтылган. VII чакырылыштын депутаттары өткөн жылдын 29-декабрында Жогорку Кеңеште ант берип, өз ишин баштаган. Алар 22-марттан 26-мартка чейин аймактарда шайлоочулар менен иш алып барышууда.

«Ынтымак» фракциясынан депутат Балбак Түлөбаев Ысык-Көл облусун кыдырып, элдин негизги көйгөйлөрүн угуп келген.

Анын айтымында, элдин көбү баалардын өсүшү жана жөлөк пул маселесин көтөргөн.

 «Мен Балыкчы шаарына, Тоң районунун Ак-Терек жана Көл-Төр айыл өкмөттөрүнө бардым. Элге кандай мыйзамдарды жазып жатабыз, эмне пландарыбыз бар, кандай мыйзамдарды кабыл алдык, ошолор боюнча айтып, түшүндүрүп берип жатабыз. Өзгөчө Айыл чарба министрлигинде жүрүп жаткан реформалар, №309 токтом, жайыттарды ижарага берүү мыйзамы боюнча. Эң көп суроо жөлөк пул боюнча болуп, ушул багытта мыйзам кабыл алып, маселени чечип берүүнү суранып жатышат».

Ал эми «Альянс» фракциясынан депутат Жанар Акаев менен №11 Алай округунан депутат Улан Примов өз районуна барып, эл менен бир нече жолугушууларды өткөрүп, Алай менен Кара-Кулжаны бириктирген жолдун абалы, оңдоп-түзөө жана каражат маселеси боюнча транспорт министринин орун басарынын маалыматын угушкан.

«Бүгүн биз Алай районун кыдырып, эл менен жолугуштук. Кесиптешим Улан Примов, транспорт министринин орун басары Таабалды Тиллаев — үчөөбүз бир канча жолдун абалын көрүп, бюджеттен каражат бөлүү, жолдорду оңдоо маселелери менен жеринен тааныштык. Жолду жашообуздун кан тамыры дейбиз, андыктан Алай району менен Кара-Кулжаны бириктирген жолду кайрадан калыбына келтирип, оңдоо иштерин жүргүзүү маселесин биргелешип чечтик деп айтсак болот. Ошондой эле Гүлчө, Кабылан-Көл, Коңур-Дөбө айыл  өкмөттөрүндө да ички жолдорду оңдоо үчүн каражат бөлүүнү талкуулап, бир нече маселени жеринен чечтик».

Депутат Султанбай Айжигитов болсо, негизги шайлоочулары өлкөнүн бардык аймагынан болгондуктан, Бишкектеги эл менен эле жолугушуп жатканын билдирди.

Ага эң көп Өкмөттүн №309 токтому боюнча жана насыя алып төлөй албай калгандар кайрылышууда.

«Мен азыр Бишкекте эле эл менен жолугуп жатам. Өкмөттүн №309 токтому, жайыттар, дыйкандар жана банктык түзүлүш боюнча сурап жатышат. Ошондой эле өлкөнү беш жылдын ичинде өнүктүрүү программам бар, ал боюнча да келишүүдө. Менин электоратым Кыргызстан боюнча болуп жаткандыктан, элдин көпчүлүгү насыя алуу маселеси менен да көп кайрылат. Кантип карыздарды жеңилдетип, кантип пайыздарын азайтуу боюнча суроолор менен келет. Менин электоратым кайдыгер карабаган активисттер болгондуктан, бир нерсе сурап эмес, «кантип оңдосок, маселени кантип чечсек?» деп келишет».

Депутат Алишер Козуев Кара-Суу районуна барып, Жоош айыл өкмөтүнүн жашоочулары менен жолугушкан. Анда Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев баштаган жергиликтүү бийлик жетекчилери да катышып, эл көтөргөн көйгөйдүн 70%ы жеринде чечилген.

«Баарлашуу алкагында аймактагы социалдык-экономикалык көйгөйлөр, анын ичинен таза суу менен камсыздоо маселеси, жазгы талаа жумуштарына көрүлүп жаткан даярдыктын жүрүшү талкууланды. Муну менен катар айыл чарба тармагына тиешелүү көйгөйлөр көтөрүлүп, мамлекеттин карамагындагы жерлерди бөлүштүрүү, үрөнчүлүк чарбалардын ишин жөнгө салуу тууралуу сөз болду. Ошондой эле жергиликтүү тургундар тарабынан Султан-Наз Суу пайдалануучулар ассоциациясынын отчёт бериши, каражаттардын кандайча сарпталганы боюнча маалыматтарды көрсөтүүсү талап кылынды. Андан сырткары Зарбалик жана Питомник айылдарындагы мектептин курулушуна көмөк көрсөтүүнү суранышты».

Ошол эле учурда айрым депутаттар расмий иш сапары менен Орусияда жүрүшөт. Алсак, №12 Өзгөн округунан депутат Элмурза Сатыбалдиев Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун парламенттик ассамблеясында жолугушууларды өткөрүүдө.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары 22-мартан 26-мартка чейин  аймактарды кыдырып, шайлоочулар менен иш алып барат.

Copyright © 2017 Maral FM