Connect with us

Орус оппозиционери Навальныйга дагы 9 жылдык абак жазасы кошулду

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Мар 2022 | 530 | 0

Шейшемби, 22-мартта Москванын Лефортово соту алдамчылык жана сотту кемсинткени үчүн орусиялык оппозициячыл Алексей Навальныйга карата өкүм чыгарды. Иш айыпталуучу жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Орусиянын Покров шаарындагы көчмө жыйында каралды.

Сот аны 9 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга жана 1,2 миллион рублдик айыпка жыкты.

Навальный ири өлчөмдөгү алдамчылык жана сотту кемсинткени үчүн күнөөлүү деп табылган. Саясатчы 2018-жылдагы шайлоо өнөктүгү жана Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун иши үчүн бөлүнгөн кайрымдуулук каражатын уурдап алуу фактысына шектелген. Андан сырткары ага мурдагы ишин караган сот Вера Акимованы кемсинткен деген кине тагылды.

Айта кетсек, Коррупцияга каршы күрөшүү фондун Орусия бийлиги экстремисттик уюм катары таанып, иш жүргүзүүсүнө тыюу салган. Андан тышкары чет элдик агент катары да каттоого алынган.

Навальный коюлган айыптарды четке кагып, өкүмдү саясий куугунтук деп баалады. Жактоочу оппозиционердин баш коргоо чарасы кайрадан каралашын талап кылып, анын аракеттеринде кылмыштын курамы жок экенин белгиледи.

Навальный Орусия президенти Владимир Путинди жана орус бийлигинин коррупциялык аракеттерин кескин сындап келген. Ал 2020-жылдын жай мезгилинде ууландырылып, Германияга дарыланууга жеткирилген. 2021-жылы январь айында Орусияга кайтып келгенде кармалган.

Учурда оппозициячыл саясатчы 2014-жылдагы Ив Рошенин иши боюнча 3,5 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM