Биз менен байланышыңыз

Өзгөндөгү шахтадан 3 кытай жараны каза болду

Кыска кабар | 22 Мар 2022 | 383 | 0

Ош облусунун Өзгөн районундагы көмүр шахтасында 20-мартка караган түнү таш урап, үч жумушчу каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, кырсык Салам-Алик айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө айылында болгон.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, АБКЕ ишканасына тиешелүү шахтада иш жүрүп жаткан учурда 50 метр бийиктен кулаган таш көмүрдү кошо көчүрүп түшүп, үч кытай жумушчуну басып калган. Алардын бири 51 жашта, экөө 49 жашта болгон.

Каза болгондордун сөөктөрүн бирге иштеген жумушчулар урандылардын астынан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Окуяга байланыштуу соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM