Биз менен байланышыңыз

Орусиянын соту «Фейсбук» менен «Инстаграмды» экстремисттик деп тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Мар 2022 | 459 | 0

Москванын Тверский соту Meta Platforms Inc компаниясына таандык Facebook жана Instagram социалдык тармактарынын ишине тыюу салып, аларды экстремисттик деп тапты. Бул тууралуу «Интерфакс» маалымат агенттиги жазды.

Коюлган доо компания орусиялыктарга, анын ичинде аскер кызматкерлерине карата зордук-зомбулук чакырыктарын өчүрүп салуудан баш тартканына байланыштуу болгон.

«Facebook жана Instagram социалдык тармактарын Орусия Федерациясынын аймагында экстремисттик иш-аракеттерди жасаган деген негиз менен Америкалык Meta Platforms Inc. трансулуттук холдингинин ишине тыюу салынды. Бул чечимдин маалыматты коомчулукка жайылтуу функцияларын алып жүрбөгөн Meta WhatsApp мессенжерине тиешеси жок», — деп билдирген соттун басма сөз кызматы.

Компанияга карата доо «Фейсбук» менен «Инстаграмда» орусиялык аскерлерди, ошондой эле президенттер Владимир Путин менен Александр Лукашенкону өлүмгө чакыргандарга уруксат берилгенден кийин козголгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM