Биз менен байланышыңыз

Ишкерлер ККМге өтүү мөөнөтүн узартып берүүнү суранышууда

Саясат | 18 Мар 2022 | 548 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы 1-январда күчүнө кирген Салык кодексинин жаңы редакциясынын аткарылышы жана көзөмөл-кассалык машиналардын иштөөсү боюнча тиешелүү органдардын маалыматын укту. Жыйында ККМ аппараттарына карата эл ичинде түшүнбөстүк жаралып, өтүү убактысын узартып берүүнү сурангандар көп болуп жатканы айтылды. Ошондой эле Экономика министрлигинин бул багытта жүргүзүп жаткан саясаты сынга кабылды. Ишкерлер да маалымат жетишсиздиги бар экенин белгилешти. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Салык кодексинин жаңы редакциясы 2021-жылдын 22-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, ага ушул жылдын 18-январында президент Садыр Жапаров кол койгон. Буга байланыштуу 2009-жылдын 1-январында кабыл алынган Салык кодексинин эски редакциясы күчүн жоготкон.

Салык кодексинин максаты салык системасынын туруктуулугун камсыздоо, салык алууну заманбап талапка ылайыктап, санарипке өткөрүү, ишкерлерге бирдей шарт түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу болуп саналат.

Кодексте салык чогултууда 2 негизги ыкма каралган:

— жалпы салык режими. Бул соода жүгүртүүсү 30 млн сомдон ашкан ири бизнесмендерден алынат;

— бирдиктүү салык. Бул жылдык кирешеси 8 млн сомдон ашпаган майда ишкерлерден алынат.

Жыйында Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Салык кодексинин жаңы редакциясын ишке ашыруу максатында төмөнкүдөй иштер аткарылганын маалымдады:

«Салык кодексинин жаңы редакциясында 89 шилтеме-ченем каралган. Алар Министрлер кабинети тарабынан бекитилиши керек. Тогуз токтом кабыл алынды, алар Салык кодексинин 32 шилтеме-ченемин камтыйт. Ошондой эле президенттин аппаратына кабыл алуу стадиясында 4 токтом долбоору киргизилген. Алар Салык кодексинин 34 шилтеме-ченемин камтыйт. Ошондой эле 3 токтом долбоору министрликтер менен макулдашууга жөнөтүлгөн».

Салык кодексинин жаңы редакциясына ылайык, акча жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаган майда ишкерлер салыктан бошонууну кааласа, көзөмөл-кассалык машина колдонушу керек. Анткени ККМ бизнестен түшкөн кирешени аныктап берет. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов учурда 4 компания ишкерлерге ККМ аппараттарын орнотууда кызмат көрсөтүп жатканын жана «Урматтуу», «Мастерид» компанияларына УКМК тарабынан кылмыш иши козголгонун маалымдады.

«Көзөмөл-кассалык машиналарды жеткирүүчү «Урматтуу» жана «Мастерид» компанияларына «алдын ала сүйлөшүп алган»  деген шек менен кылмыш иши козголду. «Урматтуу» ишканасы орусиялык «АТОЛ» заводунан аккредитация алган, бирок орус тарап менен сүйлөшкөнүбүздө алар «Урматтуу» бүгүнкү күнгө чейин эч кандай иш жүргүзбөй жатканын айтышты. Жалпысынан, бүгүнкү күндө «Урматтуудан» тышкары төмөнкү компаниялар аккредитацияланган: Guuduu Service, Masterid, KKM Online».

2020-жылдын 24-июнунда өкмөттүн токтому чыккан. Анда ККМге өтүү мөөнөтү бекитилген. Ага ылайык, Бишкекте ишкерлер кассалык аппараттарга 1-апрелге чейин, аймактарда 1-октябрга чейин өтүшү керек эле. Азырынча айып салына элек, бир гана түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Жыйынга бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мүсүралиев да катышып, ишкерлер ККМ колдонууга берилген мөөнөттү узартып берүүнү суранганын айтты.

«Бул маселе боюнча бизге ишкерлер кайрылып жатат. Биз өзүбүздүн иликтөөлөрүбүздү жүргүзүп жатабыз. Биринчиден, жеткиликтүү убакыт берилген эмес деп ойлойбуз. Экинчиден, бизнес да, мамлекеттик органдар да буга толук даяр эмес. Ошондуктан мөөнөтүн узартып берүүңүздөрдү суранабыз».

Депутат Алишер Козуев салык органдарын ККМ башкаруунун жаңы системасы боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө жана жетекчисин эрктүү болууга чакырды.

«Чечкиндүү кадамдарга барып, биринчи кезекте өзүңүздүн кол алдыңыздагы кызматкерлериңизди тартипке салып алсаңыз, андан кийин ККМди, нарк салыгын жана башка текшерүүлөрдү жүргүзөсүз. Чечкиндүү болуңуз, жардам керек болсо, ачык эле депутаттарга кайрылыңыз. Биз сизди коргоп берели, конкреттүү эрктүүлүккө барбасаңыз болбойт».

«Дордой» ассоциациясынын профсоюз комитетинин төрайымы Дамира Долоталиева маалыматтын жоктугунан базарчылар митингге чыгып кеткенин, салык кызматкерлери өздөрү маалымат жеткире албай жатканын сынга алды.

«Бюджети толтуруу максаты көздөлүүдө. Биз да патриотпуз, биз да толтургубуз келет. Ошондуктан 9 миң патентти 19 миңге көтөргөнгө даярбыз. Баары патент менен иштесин. Эл митингге чыккан себебин түшүнбөй жатат. «8 млн сомдон ашпаган соода болсо, анда мен таптакыр патент албайм» дегендер да чыкты. Салык кызматкерлери өздөрү ККМди кантип иштетүүнү билбей жатышат. Чай саткандар: «Мобул жерге ККМди салып жүрөт экенбиз», — деп жатышат. Азыр март бүтүп баратат, карапайым ишкерлер ушу кезге дейре кантип иштетүүнү билишпейт. Ошого убакытты токтото туруп, түшүндүрүү иштерин кеңири жүргүзүп, ККМди андайын киргизсе жакшы болмок. Азыр ККМ киргизүү эртерээк».

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жыл башында кеңешме өткөрүп, Мамлекеттик салык кызматына 2022-жылы 150 миллиард сомдун тегерегинде салык жыйноо тапшырмасын берген. 1-февралга карата салык органдарында 710 миң 412 салык төлөөчү каттоодо турат. Алардын 133 миң 544ү юридикалык жак, 334 миң 914ү жеке ишкер, 241 миң 954ү дыйкан жана фермер.

Copyright © 2017 Maral FM