Биз менен байланышыңыз

Зеленский менен Путиндин жолугушуусу жакын арада ишке ашуусу мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Мар 2022 | 1786 | 0

Украина президенти Владимир Зеленский менен Орусия президенти Владимир Путин жакынкы убакта жолугушуусу мүмкүн. Бул тууралуу  Украина президенти офисинин кеңешчиси Михаил Подоляк маалымдады.

Польшанын Wirtualna Polska басылмасына берген интервьюсунда Подоляк президенттердин ортосундагы жолугушуу кандай абалда өтөрүн айтып, «Тынчтык келишими боюнча иштер жыйынтыкталгандан соң, эки президенттин жолугушуусун уюштурууга киришебиз. Бул бир канча жуманын ичинде ишке ашуусу мүмкүн», — деген.

Ал эми жолугушуу жайы тууралуу: «Кайсы жерде жолугары маанилүү эмес, каерде болсо да боло берет, бирок Орусияда эмес», — деп кошумчалаган.

Буга чейин Зеленский менен Путиндин жолугушуусун Түркия бийлиги уюштуруу ниетин билдирген. Кечээ, 17-мартта Режеп Тайып Эрдоган Путин менен телефондон сүйлөшүп, Зеленский менен жолугушуусун талкуулаган.

Түркия өткөн жумада эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусун да коопсуз жана жогорку деңгээлде уюштуруп бере алган.

Financial Times өзүнүн жеке булактарына таянып, Украина менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө жылыш байкалганын, жадагалса тынчтык келиши боюнча план иштелип чыкканын жазган болчу.

Трамп: Путин өзгөрүптүр, мен аны Украинага кол салат деп ойлогон эмесмин

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM