Биз менен байланышыңыз

Трамп: Путин өзгөрүптүр, мен аны Украинага кол салат деп ойлогон эмесмин

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Мар 2022 | 4646 | 0

АКШнын экс-президенти Дональд Трамп Орусиянын Украинага кол салганына таң калуусун билдирди. Ал Орусия президенти Путиндин Украина чек арасына аскерлерин алып келүүсүн «кыр көрсөтүү» же «АКШ менен сүйлөшүүгө баруу ыкмасы» деп ойлогонун The Washington Examiner басылмасына берген маегинде айтты.

«Мен аябай таң калдым. Мен Путин аскерлерин чек арага жайгаштырганда, «ал ушул ыкма менен сүйлөшүүлөрдү баштайт го?» деп ойлогом. Жадагалса, бул ыкманы сүйлөшүүгө баруунун эң катуу, бирок акылдуу ыкмасы катары эсептегем. Ал башкалар сыяктуу эле Кошмо Штаттар менен бир бүтүмгө келүү ниетинде деп билгем. Бирок Украинага кол салды, менимче, ал өзгөргөн»,  — дейт АКШнын экс-президенти Дональд Трамп.

Буга чейин Дональд Трамп Путин менен өтө катуу мамиледе болгонун, бирок ага карабай диалог кура алганын айткан. Ошондой эле Трамптын президенттик башкаруусу учурунда Орусия башка өлкөнүн аймагына кол  сала албаганын кошумчалаган.

Мындан сырткары Трамп Украинага аскердик жардам катары танктарга каршы күрөшүүчү Javeline техникаларын жана башка миллиондогон долларды чапчыган курал-жарак бергенин айтып, алар болбосо украин тарап бул согушта утулуп калмак деп билдирген.

Зеленский менен Путиндин жолугушуусу жакын арада ишке ашуусу мүмкүн

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM