Биз менен байланышыңыз

Украинада чет элдик дипломат 6.5 млн гривен алып чыгып баратып кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Мар 2022 | 833 | 0

Украинанын коопсуздук күчтөрү ири суммадагы акчаны, алтын куймаларды жана зер буюмдарды өз өлкөсүнө алып кетүүгө аракет кылган чет элдик дипломатты колго түшүрдү. Бул тууралуу Мамлекеттик тергөө бюросу билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазды.

Украина чек арачылары «Ягодин» көзөмөл-өткөрүү пунктунан (Украина-Польша чек арасы) чет элдик дипломатты тартып бараткан кичиавтобусту токтотушкан.

Текшерүү учурунда унаанын жүк салгычынан 68 миң евро (2 млн 255 миң 262 гривен), 140 миң АКШ доллары (4 млн 224 миң 533 гривен), 12 килограммдан ашык алтын куйма, жалпы салмагы 13,8 килограммды түзгөн алтын буюм, ошондой эле ири өлчөмдөгү тамеки табылган.

Алынган буюмдарды мамлекетке өткөрүп, ал эми дипломаттын өзүнө 26 млн гривен (884 миң 410 АКШ доллары) айып салышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM