Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Евразия Экономикалык Биримдигине берилген жашыруун маалыматты колдонуу тартибин жөнгө салууга багытталган протоколдун долбоору үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Депутаттар жалпысынан ЕАЭБдеги милдеттердин жана келишимдердин аткарылышы боюнча маселелерге токтолушту. Ошондой эле ЕАЭБдеги Кыргызстандын эки министринин ишин сындашты. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.
Жогорку Кеңештин шаршембидеги жыйынында Евразия Экономикалык Биримдигине берилген жашыруун маалыматты колдонуу тартибин жөнгө салууга багытталган протоколдун долбоору боюнча Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков баяндама жасады.
Ал мыйзам долбоору «Евразия экономикалык комиссиясынын ыйгарым укуктары ишке ашырылган учурда купуя маалыматты коргоо тартиби жана аны ачыкка чыгарганы үчүн жоопкерчилик жөнүндө» макулдашууну 2014-жылдын 29-майында жана 2015-жылдын 29-майында кабыл алынган «Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө» келишимдин жоболоруна дал келтирүү максатында иштелип чыкканын билдирди.
Талкуу маалында депутаттар ЕЭБ алкагында соода жүгүртүүлөргө жана товар ташууга жаралган тоскоолдуктарды жоюу маселесине токтолушту. Депутат Дастан Жумабеков ЕАЭБге мүчө мамлекеттер ага мүчө болуп кирген өлкөлөргө да айрым товарларды сатууга тыюу салынып жатканын белгилеп, бул боюнча Экономика министрлиги кандай иш алып барып жатканына кызыкты.
Ага жооп катары Экономика жана коммерция министринин орун басары Эльдар Алишеров ЕАЭБге мүчө ар бир мамлекет келишимдин 29-беренесинин негизинде чектөөлөрдү киргизе ала турганын билдирди.
«ЕАЭБге мүчө ар бир мамлекет келишимдин 29-беренесинин негизинде чектөөлөрдү киргизе алат. Учурда Орусия 29-берененин негизинде чектөө киргизди. Алдыда 17-18-мартта Евразия экономикалык комиссиянын отуруму болот. Биз анда 450 миң тонна буудай сурайбыз. Былтыр 70 миң тонна шекерди пошлинасы жок алып келүүгө уруксат алганбыз. Негизинен биздин базарда абал тынч деп эсептейбиз».
Депутат Өмүрбек Бакиров кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалар боюнча маселе чечилди делген менен тыгын дале бар экенин белгиледи. Ошондой эле ал жакында жер-жемишти экспорттоо иши башталарын айтып, ага чейин чек аралардагы көйгөйдү чечүүнү сунуштады.
Эльдар Алишеров кыргыз-казак чек арасында 30-40 жүк ташуучу унаанын турушу нормалдуу көрүнүш экенин белгиледи.
Ал эми депутат Бакыт Төрөбаев Өзбекстан менен байланыштарды жакшыртуу максатында «Бек-Абад», «Нанай» жана «Пахта-Абад» өткөрмө бекеттерин ачуу маселесин Евразия экономикалык комиссиясынын алкагында көтөрүүнү сунуштады.
«Сузак районунда «Бек-Абад» посту, Аксы районунда «Нанай» жана Базар-Коргон районунда «Пахта-Абад» деген пост бар. Ушул үч посту ачуу боюнча ЕАЭКке тапшырма бериңиз. Өзүңөр да бул тапшырманы аткарыгыла. Себеби биринчи кезекте туризм келет, соода-сатык болот, жергиликтүү эл майда ишкерлик менен алек болот. Ушул үч постту ачып берсин».
Өкмөттүн ЕАЭБдеги буга чейинки өкүлү Алмаз Сазбаков болуп келген. Түзүмдүк реформалардан кийин Президенттин администрациясында ЕАЭБ боюнча бөлүм ачылган, бирок жетекчиси дайындала элек. Негизги өкүлдөрү президент, министрлер кабинетинин төрагасы жана анын биринчи орун басары болуп саналат.