Министрлер кабинетинин алдында Өнүктүрүү жаатында өнөктөштөр менен кызматташуу координациялык кеңеши түзүлдү. Тийиштүү токтомго төрага Акылбек Жапаров кол койду.
Кеңеш жалпы уюштуруу иштерин жүргүзүү жана өнөктөштөрдүн тышкы жардамын пайдалануу жана макулдашылган чечимдерди кабыл алуу үчүн түзүлгөн. Ошондой эле сунуштар боюнча кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
Координациялык кеңешти министрлер кабинетинин төрагасы жетектейт.