Биз менен байланышыңыз

Санариптик өнүктүрүү министрлиги: Кирешелер жана сандар

Саясат | 15 Мар 2022 | 903 | 0

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында санариптик өнүктүрүү министринин иши жана өнүктүрүү пландары талкууланды. Депутаттар негизинен аткарылышы кечигип жаткан пландар, маалымат коопсуздугу жана санариптешүү боюнча маселе көтөрүштү. Жыйындагы урунтуу учурларга алдыда кененирээк токтолобуз.

Бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитети эки ай мурда президент Садыр Жапаровдун сунушу менен кызматка келген санариптик өнүктүрүү министри Талант Имановдун өнүктүрүү планы боюнча маалыматын укту.

Жыйында баяндама жасаган министр мамлекеттик кызматтарды электрондоштуруу боюнча негизги үч система иштеп жатканын билдирди.

«Мамлекеттик кызматтарды электрондоштуруу боюнча «Санарип-баймат», «Инфодокс» жана «Е-кызмат» деген үч кызмат ишке кирди. Аталган кызматтарга кошулуу 96%ды түздү. Ошондой эле 2130 айыл аймактын 2081и 3G интернет менен, ал эми 2049 айыл 4G интернет менен камсыз болгон. Ошондуктан биз Бүткүл дүйнөлүк банктын Gcloud компонентинин тендерин жарыяладык. 25-мартта жыйынтыгы чыгат. Анын аркасынан инфраструктураны өнүктүрүп, ар бир айылга интернет жеткирели деп турабыз. Бул 2022-жылдын негизги планында турат». 

Министрликте жалпы 6008 жумушчу, кызматкер бар. Анын 159у борбордук аппаратта, 732си Жарандык актыларды каттоо департаментинде, 602си «Инфокомдо», 848и Мамлекеттик архив агенттигинде, 3413ү «Кыргыз почтасында», 127си Мамлекеттик байланыш агенттигинде, 127си атайын байланышта иштейт. Министрликтин бюджети 570 млн сом болуп, анын негизги бөлүгү айлыкка жана коммуналдык төлөмдөргө кетет.

Жыйында Исхак Масалиев жаңы түзүлгөн министрликте 6 миң адамдын иштөөсү өтө көп экенин сындап, бардык кызмат санарип жол менен башкарылышы керектигин белгилеп, тез арада кыскартууну сунуштады.

«Бардык мамлекеттик органдар чыгашаларды кыскартып жатат. Сиздер болсо 570 млн сомго 6 миң адамды кармап жатканыңар туура эмес. Сизге беш орун басардын эмне кереги бар? Айрыкча сиздин министрлик жетекчи кызматтарды азайтышы керек. Себеби силер санариптик министрлик деп аталасыңар. Керек болсо, сиз өзүңүз баарын компьютер менен башкарышыңыз керек. Азыр санариптештирүүгө өтүүнүн максаты кандай, адам факторун азайтуубу? Өзгөчө башкаруу системасында. Өзүңүздө эле беш орун басар болсо, «ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт» дегендей болуп калат. Муну сиз бир ай ойлонбой, тез-тез чечим кабыл алып, кыскартыңыз».

Өткөн жылы «Ала ТВга» жыштык сатуудагы коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, коомчулукта кызуу талкууланган. Ага карабастан бюджетке 1,5 млрд сом түшкөнүн байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын директору, министрдин орун басары Талант Калыков маалымдады.

«Былтыр ызы-чуу болгон «Ала ТВ» жана андан башка операторлордун жыштыктарын алганбыз. Бошогон жыштыктардын баарын аукционго койгонбуз. Бир эле «Ала ТВнын» 31 млн сомдук ресурсун 1 млрд 8 млн сомго сатканбыз. Жалпы аукцион боюнча бюджетке 1 млрд 140 млн сом түштү. Андан сырткары нумерация жана жыштыктарга жыл сайын төлөнүүчү төлөмдөрдөн жалпы 1,5 млрд сом түштү. Өткөн жылы аукциондордон ушундай акча келди, жылына негизинен 600-700 млн сомдой бюджеттин киреше бөлүгүн толтурабыз».

Учурда Байланыш агенттигинде 400 млн сомдук ресурс бар. Министрликтин алдындагы «Инфоком» ишканасы эле өткөн жылы 375 млн сом бюджетке киреше алып келгенин жетекчиси Рыскулбек Осмоналиев билдирди. Аталган ишкана негизги кирешесин паспорт жана айдоочулук күбөлүктөрдү жасоодон табат.

«Негизинен биз паспорттун түрлөрүн жана айдоочулук күбөлүктөрдү, мындан тышкары унаалардын номерлерин да өзүбүз жасайбыз. Буга чейин буларды жеке ишкерлер жасап келген, 2016-жылы номер жасоону колго алганбыз, 2014-жылы паспорттун түрүн өзүбүзгө алдык. Муну менен эле биз IT-компания болгондуктан, ар кандай тендерлерге катышып, долбоорлор менен иштейбиз. Биздин ишканада 80 долбоор бар. Ар бир министрлик менен экиден келишимибиз бар». 

Жыйында министр «Коопсуз шаар» долбоорунун I-II этабын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Биринчи этаптын алкагында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында орнотулган 110 аппараттык-программалык комплекс ишке киргизилсе, экинчи этаптын алкагында 306 объектиге аппараттык-программалык система орнотуу пландаштырылууда.

Депутаттар «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууга чоң суммадагы каражат сарпталганын, учурда ал канчалык натыйжалуу иш алып барганы суроо бойдон калып келерин белгилешти.

Талантбек Иманов ошондой эле жылдык кирешеси 66 млн сом болгон «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасын 100% мамлекеттик үлүшү бар акционердик коом кылып кайра түзүүгө аракет жасалып жатканын кошумчалады.

Депутаттар аймактарда жаңы калкты тейлөө борборлорун, ошондой эле калк жыш жайгашкан аймактарда кошумча борборлорду ачуу, айылдарда уюлдук байланыштын жана интернеттин сапатын жакшыртуу боюнча пикирлерин айтышты.

Copyright © 2017 Maral FM