Президент Садыр Жапаров 14-мартта ата мекендик бизнестин өкүлдөрү менен жолугушуп, «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулады. Өлкө башчы өз сөзүндө бул мыйзам долбоору биринчи кезекте «көмүскө» экономиканын үлүшүн кыскартууга, активдердин сакталышын камсыздоого жана алардын ээлерин мамлекеттик органдардын куугунтугунан коргоого багытталганын белгиледи. Бул долбоор боюнча ишкерлер кандай пикирде? Алдыда кененирээк токтолобуз.
14-мартта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент башында турган бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү менен бизнес-коомчулук жолугушту. Анда «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланды.
Садыр Жапаров белгилегендей, бул мыйзам долбоору биринчи кезекте «көмүскө» экономиканын үлүшүн кыскартууга, активдердин сакталышын камсыздоого багытталат. «Көмүскө» экономиканын жогорку деңгээлде болуусу Кыргызстандын эгемендик жылдарынан бери келе жаткан чоң көйгөй.
«Жеке адамдардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам өлкө тарыхында 5 жолу кабыл алынган. Бирок ошол беш жолу кабыл алынган мыйзамдын бири да ар кандай жагдайлардан улам тийиштүү натыйжасын берген эмес. Ал эми бүгүн сиздер менен талкуулап жаткан мыйзам долбоору мамлекет тарабынан кол тийбестиктин бардык кепилдиктерин камсыздай турганын баса белгилей кетүү керек».
Жапаров ошондой эле бүгүнкү күндө өлкө өзүнүн тарыхынын жаңы барагын ачып жатканын, бул мыйзам долбоорунун максаттарын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн мамлекет тарабынан саясий эрк жана кепилдиктер жетиштүү экенин белгиледи.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн мурдагы өкмөт башчы, өлкөдөгү ири ишкерлердин бири делген Өмүрбек Бабанов мыйзамды иштеп чыгууга жигердүү катышканын жана өзгөчө мыйзам кабыл алынып жатканын белгиледи.
«Бул мыйзам долбоорун иштеп чыгууда биз активдүү катыштык. Легалдаштыруу боюнча бир топ мыйзамды жана декларацияны карап чыккандан кийин өзгөчө мыйзам болуп жатканын белгилегим келет. Орусиянын банктары Орусияда инфляция 20%га, ИДП 10%га түшөт деп айтып жатат. Менин сунушум, легализациялоо деген бюджетке акча түшүрүү эмес, экономиканы өнүктүрүүгө чоң кадам болушу керек. Бул -чыныгы чоң кадам. Жумушчу топту ишкер адамдардан түзсөңүз, биз жардам бергенге даярбыз».
Иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, башкы прокурор Курманкул Зулушев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев да мыйзам долбоору боюнча баяндама жасап, комментарий беришти.
Ишкер Аскар Салымбеков жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу боюнча буга чейинки мыйзамдын чийки болуп келгенин белгиледи.
Анын айтымында, аталган мыйзам долбоорун ишке ашыруу менен Кыргызстанга инвестиция тартканга өбөлгө түзүлөт.
«Легалдаштыруу боюнча мурунку мыйзам биртке чийки болуп калыптыр. Легалдаштырууга барганга ыктыярдуу мүмкүнчүлүктөрү жок экен. Бизнес өкүлдөрү жана коомчулук чогулуп карап, азыркы өзгөртүүлөрдү Экономика министрлигине берип, ошонун негизинде чыгып жаткан кезеги. Мен бул мыйзам долбоору Кыргызстанга керек деп ойлойм. Чынын айтсам, көмүскө экономикадан арылтат, ошондой эле ички жана тышкы инвестиция тартканга жакшы өбөлгө түзөт деген ойго келдик».
Жолугушууга бизнес чөйрөсү, айыл чарба, курулуш, туризм жана башка тармактын өкүлдөрү катышты.
Ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу көмүскө экономиканын башында Социалдык фонддун төлөмдөрү турат деп эсептейт. Анын пикиринде, жумушчулардын маянасын ого бетер аз көрсөтүп, Соцфондго төлөнө турган акчаны ишканадан накталай алып кеткен учурлары көп. Бул көрүнүш мамлекеттин пенсионерлерге жана ооруканаларда дарылангандарга каражат бөлүүсүн чектейт.
Ошондуктан ал Соцфонддун төлөмдөрүн 27,5%дан 10-15%га түшүрүүнү сунуштады, муну менен ал көмүскө акча ачыкка чыгып, жалпысынан көбүрөөк акча чогулат деген ойдо.
Сарлыкбек уулу мындан тышкары президенттин активдерди легалдаштырган мыйзамды ишкерлер менен талкуулоосу жакшы көрүнүш экенин белгилеп, бирок өткөн жылы Түркияга болгон сапарында Соода жана өндүрүш палатасын реформалоо чечимин жарыялаганын, тилекке каршы, кечигип жатканын эскертти.
Президент Садыр Жапаров бул жана бизнес өкүлдөрү тарабынан көтөрүлгөн башка суроолорго жооп берип, мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмаларды берди.
Бул долбоор жеке жактардын Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү мүлктөрүн ыктыярдуу декларациялоо аркылуу мыйзамдуу каттоого натыйжалуу укуктук механизм түзүү, ички жана сырткы инвестицияларды көбөйтүү, көмүскө экономиканын көрсөткүчүн азайтуу, активдердин сакталышынын кепилдиктерин камсыз кылуу жана алардын ээлерин ушул Мыйзамда каралган мүлктөрү ыктыярдуу декларацияланганга чейин болушу мүмкүн болгон мыйзамдардын талаптарын бузганы үчүн мамлекеттик органдар тарабынан куугунтуктоодон коргоо максатында иштелип чыккан.
Аталган мыйзам долбоору бүгүн Министрлер кабинетинин расмий сайтына коомдук талкууга коюлду.