Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев: Өзбек пахтасына жарыяланган эл аралык «бойкот» 12 жылда алынды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Мар 2022 | 484 | 0

Cotton Campaign эл аралык бирикмеси Өзбекстандын пахтасына жарыяланган «бойкотту» алып салды. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өндүрүштүк кооперативдерди өнүктүрүү боюнча жыйында билдирди.

Өзбек президенти Өзбекстан пахтасына коюлган эл аралык чектөөнүн алынышы тууралуу пикирин да айтты.

«Соңку 12 жыл биз пахтабыздан көп пайда табалбай жүрдүк. Пахтабыз ак болгону менен аны «кара тизмеге» кошуп коюшкан эле. Биз мунун айынан канча кыйналдык. Эгер саясий эрк болбогондо, бул жарыяланган бойкот алынбайт болчу. Бул — күрөш. Кечээ теле аркылуу биздин пахтага коюлган бойкоттун алынышын көрсөтүштү. Мунун кадырын билген адамдар көзүнө жаш алды. Анткени пахта биздин улуттук баалуулугубуз»,  — деди Шавкат Мирзиёев.

Ошондой эле өзбек президенти пахта экспортун көтөрүү үчүн бир катар жеңилдиктерди убада кылып, «кара тизмеден» чыгуу өзбек экономикасына 1,5 млрд долларлык киреше алып келиши мүмкүндүгүн да айтып өткөн.

Өзбекстанга 2009-жылы Cotton Campaign эл аралык бирикмеси тарабынан бойкот жарыяланган. Ага коңшу өлкөдө пахта териминде балдардын эмгегин пайдалануу жана калкты мажбурлап иштетүү аракеттери себеп болгон. Анын айынан дүйнөдөгү эң ири кийим-кече бренддери өзбек пахтасынан жасалган өнүмдөрдү колдонуудан баш тарткан.

Борбор Азия президенттерин ташыган учактар (фото)

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM