Биз менен байланышыңыз

«Мегакомдун» мурдагы жетекчиси Акылбек Жамангулов кармалды

Кыска кабар | 12 Мар 2022 | 852 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Мегаком» компаниясынын мурдагы башкы директору Акылбек Жамангулов 12-март күнү Башкы прокуратурага суракка чакырылды.

Ушул эле күнү сурактан кийин кармалды. Маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

Учурда ага карата тергөө амалдары жүрүп жатат. Кайсы иш боюнча кармалганы тууралуу маалымат бериле элек.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Жамангулов Түштүк Кореядан келген инвесторлордон ири суммада пара алганы айтылууда. 

Copyright © 2017 Maral FM