Бишкекте Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде Кыргызстандын биомаданий көп түрдүүлүгү чагылдырылган мультимедиялык көргөзмө ачылды.
Анда Чоң-Алай өрөөнүнүн ландшафты, Ысык-Көлдүн түштүк жээгинин табияты, кыргыздардын көчмөн турмушун жана жергиликтүү уламыштарды, мифтерди чагылдырган 60тан ашык сүрөт көрсөтүлөт.
«Соң-Көлдүн чагылышы» көргөзмөсүндө Соң-Көлдүн кооздугун, жергиликтүү биологиялык ар түрдүүлүктү жана тарыхый-маданий мурастарды, ошондой эле аймактын экологиялык, социалдык көйгөйлөрүн чагылдырган сүрөттөр коюлат.