Биз менен байланышыңыз

Орусия үчүнчү өлкөлөргө дан азыктарын, кумшекерди экспорттоого тыюу салды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Мар 2022 | 277 | 0

Орусия бажы кызматы дан азыктарын жана кумшекерди үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу өлкөнүн Экономикалык өнүктүрүү министрлиги билдиргенин «РИА Новости» маалымат агенттиги жазды.

«Тыюу салуу убактылуу болуп саналат. Ага ылайык, 2022-жылдын 31-августуна чейин буудай, кара буудай, арпа, жүгөрү сыртка сатылбайт», — деп билдирген министрлик.

Ушундай эле чектөө кумшекерге да киргизилген. Маалыматта бул тыюу ЕАЭБ аркылуу үчүнчү өлкөлөргө чыгарууга салынары, ал эми ЕАЭБдин өзүнө Айыл чарба министрлигинин уруксаты менен чектелген көлөмдө, атайын тарифтин өлчөмүндө берилери айтылган.

Тыюу салуу боюнча сунуш Орусиянын Айыл чарба министрлигинен түшкөн. Жагдай биринчи вице-премьер министр Андрей Белоусов менен макулдашылып, атайын комиссиянын чечими менен кабыл алынган.

Кыргызстанга сырттан кирген товарлар кескин кымбаттады

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM