Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлердин орун басарлары жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.
Жапаров жыйында аткаруучулук тартипти чыңдоо, мамлекеттик кызматкердин этикасын сактоо, маанилүү социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө кесипкөйлүктү жогорулатуу зарылдыгын белгилед.
Ошондой эле жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбаганы үчүн финансы министринин орун басары Руслан Татиковго сөгүш жарыялады.
Руслан Татиков бул кызматка 2021-жылдын 17-августунда ошол кездеги өкмөт башчы Улукбек Мариповдун буйругу менен дайындалган. Аны орун басарлыкка ошол кездеги экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров өзү сунуштаган.