Марал Радиосу

Акылбек Жапаров финансы министринин орун басарына сөгүш жарыялады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлердин орун басарлары жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Жапаров жыйында аткаруучулук тартипти чыңдоо, мамлекеттик кызматкердин этикасын сактоо, маанилүү социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө кесипкөйлүктү жогорулатуу зарылдыгын белгилед.

Ошондой эле жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбаганы үчүн финансы министринин орун басары Руслан Татиковго сөгүш жарыялады.

Руслан Татиков бул кызматка 2021-жылдын 17-августунда ошол кездеги өкмөт башчы Улукбек Мариповдун буйругу менен дайындалган. Аны орун басарлыкка ошол кездеги экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров өзү сунуштаган.

Exit mobile version