Биз менен байланышыңыз

Карим Масимовдун үйүнөн чыккан 17,2 млн доллар жана мүлктөрү (фото)

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Мар 2022 | 13964 | 0

Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматынын мурунку төрагасы Карим Масимовдун үйү тинтүүгө алынды. Анда Масимовго таандык делген кымбат баалуу сааттар, алтын куймалар жана антиквариат буюмдар табылган. Ошондой эле Масимовдун жакындарынан 5 млн доллар конфискацияланган.

Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматы мурунку башкы чекист Масимовго козголгон кылмыш ишинин айрым жагдайларын коомчулукка ачыктады.

Ага ылайык, Казакстандын улуттук коопсуздук кызматын төрт жыл жетектеген Карим Масимовдун үйүн тинтүү учурунда 17, 2 млн доллар табылган. 11 даана жогорку класстагы автоунаа жана Казакстандын белгилүү Боровое курортунда эс алуу үйү ж.б. мүлктөрү да конфискацияланган. Мындан сырткары чет өлкөнүн өкүлдөрүнөн пара катары алган 2 млн доллар акча чет өлкөдөгү эсебинен Казакстанга кайтарылган.

Учурда ага карата «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «коррупция» беренелери боюнча бир канча иш козголгон.

Ошондой эле пара катары борбор калаада жайгашкан конок үйүн алганы да маалым болгон. Аталган үйдү январь айында тинтүүгө алышканда жогоруда айтылган ири суммадагы акча жана баалуу буюмдар табылган.

Сүрөттөр:

Борбордук Азиянын президенттери кандай унааларда жүрүшөт?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM