Акыркы эки саатта доллардын сатуу курсу эки сомго жогорулады.
Азыр борбор калаанын акча алмаштыруучу жайлары жана коммерциялык банктар долларды 103-104 сомдон сатып алып, 106-107 сомдон сатууда.
Улуттук банктын расмий курсу боюнча 97,6945 сом деп белгиленген.
Ал эми рублдин курсу өзгөрүүсүз 0,7-0,85 сомдон сатылып алынса, 1,05-1,06 сомдон сатылууда.