Биз менен байланышыңыз

Арзыбек Кожошев «Айчүрөк» соода борборундагы ККМ аппараттарын текшерди

Кыска кабар | 9 Мар 2022 | 220 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Бишкектеги «Айчүрөк» соода жана оюн-зоок комплексине пландан тышкаркы текшерүү менен барганын өкмөттөн кабарлашты.

Кожошев борбордо жайгашкан соода түйүндөрүндөгү көзөмөл-кассалык машиналардын пайдаланылышы боюнча маалымат алды. Анда айрым сатуучулардын ККМ тууралуу түшүнүгү жок экени, айрымдары орнотууга ниеттенбей жатканы белгилүү болду.

Арзыбек Кожошев пенсия, дарыгерлер менен мугалимдердин маянасы, ар кандай социалдык төлөмдөрдүн өз убагында берилиши да көзөмөл-кассалык машиналардын ишке киришинен көз каранды экенин эскертти.

«Бул жерде соода түйүнүн ижарага алуу 30 миң сомдон башталат. Бул каражаттын баары соода борборлорунун ээлерине кетет, бирок биздин максат үй-бүлөсүн өз эмгеги менен баккан сатуучулар эмес. Биз ири соода түйүндөрүнүн салык төлөшүн каалайбыз. ККМ болбосо бул жерде, же башка соода борборлорунда канча соода түйүндөрү иш жүргүзүп жатканын биле албайбыз. Бул өтө маанилүү», — деди Кожошев.

Ал Мамлекеттик салык кызматына ККМ тууралуу түшүндүрүү иштерди күчөтүүнү тапшырды жана салык төлөө ар бир жарандын милдети экенин айтты. Ошондой эле жарандардан соода кылгандан кийин чек талап кылуусун өтүндү.

«Кассалык чектерди талап кылгыла, бул сиздердин укугуңуздар. Бизге сиздердин колдооңуздар керек. Эгер чек бербеген жерден соода-сатык кылуудан баш тартсак, биз жалпы товар жүгүртүүнү эсепке алууга жетише алабыз. Мунун бардыгы сиздердин бакубаттыгыңыздар үчүн, өлкө келечеги үчүн жасалууда. Борбордун так ортосунда мындай нерсе орун алып жатса, чет-жакалар жөнүндө эмнени айтууга болот. Бул ишке катышкан ыйгарым укуктуу органдардын жана алардын кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароо зарыл, аларга жок дегенде сөгүш берүү керек. Кийинки жолу ээлеген кызматына дал келбегени жана кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы себептүү кызматтан бошотобуз», — деди Кожошев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM