Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 13 адам илдетке чалдыгып, 1 адам каза болду

Кыска кабар | 9 Мар 2022 | 169 | 0

COVID-19 боюнча республикалык штаб акыркы суткада 13 адамдын короновируска чалдыкканын маалымдады. Анын 12си Бишкек шаарынан, бирөө Жалал-Абад облусунан катталган.

Акыркы суткада 21: Бишкекте 9, Ошто 8, Чүйдө 1, Баткенде 3 бейтап айыгып чыгып, 1 адам каза тапты.

Учурда 146 бейтап ооруканаларда, 244 бейтап үйүндө дарыланып жатат. Стационардык дарылануудагы бейтаптардын 18и өтө оор, 63ү оор, 65и орто абалда экени айтылды.

Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча 200 миң 671 адам коронавируска чалдыккан. Анын ичинен 195 миң 734 адам сакайып, 2 миң 969 адам көз жумган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM